• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Темировду өлкөдөн чыгарган судья Момуналиев дагы кайсы чуулгандуу иштерди караган?

23 Жетинин айы 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыгып, аны дароо сот залынан кармап кетишти.

Бир нече айып тагылган журналисттин ишин алгач Бишкектин Свердлов райондук соту караган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Бишкек шаардык сотунда Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алышты. Анын курамында судья Кожомбердиев менен Кубатов бар.

Сотто төрагалык кылуучу Адис Момуналиев тууралуу эмне белгилүү?

50 жаштагы Адис Момуналиев бир нече чуулгандуу соттук процесстерде төрагалык кылган. Алсак, 2017-жылдын октябрь айында «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча шаардык сотто отурумду жетектеп, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду 12,5 жылга кесип, ал эми жайында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү бузуп, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны эркиндикке чыгарып жиберген. Алмаматовдун жазасын жеңилдеткен судялардын ысымдары коомчулукка ачык жарыяланган. Алар Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев жана Алмаз Карабеков экени белгилүү болгон.

Момуналиев «Вечерний Бишкек» басмасынын иши боюнча да өкүм чыгарган.

Судья Адис Момуналиев ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таап, бир катар активист, саясатчы, укук-коргоочуларды камакта калтырган сотто дагы төрагалык кылган.

Количество просмотров: 335