Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши 17-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Темиров өзүнүн соцтармактыгы баракчасына жазды.
27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.
Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.