• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Темировдун иши: Сот тараптардын жарыш сөзүн угууга өттү (түз эфир)

23 Жетинин айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттук коллегия күбөнү суракка алгандан кийин тараптардын жарыш сөзүнө өтүүнү чечти.

Белгилей кетсек, Темиров өзү берилген документтердин реестрине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууну көздөгөн. Бирок судьялар тараптардын сөзунө өтүүнү талап кылышты.

Анда адвокат Замир Жоошев сөз сүйлөп, тергөө тарабынан коюлган айыптар негизсиз экенин айтууда.

«Иште көрсөтүлгөн документтерде эч кандай коргоо белгиси жок, алар болушу керек, ансыз бир дагы мамлекеттик орган анын арызын кабыл алмак эмес. Ал жок документти колдоно алган эмес, аскердик билет жасалма эмес. Сыягы, бул мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан жасалган окшойт», — деди Жоошев.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 144