• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы: Соттун өкүмү боюнча юристтер үн катты

23 Жетинин айы 2022 18:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, чечимин чыгарды.

Отурумда сот журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды. Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишти.

Шаардык соттун мындай чечими коомчулукта бир катар түшүнбөстүктөрдү жаратты. Ал эми юристтер чечим одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын айтышууда.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева иликтөөчү журналист Болот Темиров «укуктук катастрофанын» курмандыгы болду деген пикирин билдирди.

«Болот конституциялык кепилдиктерге жана жалпысынан Кыргызстандын мыйзамдарына таянуу менен ММКнын ишмердүүлүгүн жүргүзуп келген. Ал коррупциялык схемалар тууралуу бир катар окуяларды жарыялаганда, анын үстүнөн «мамлекеттик машина басып өттү».
Бүгүнкү күндө парламент дагы, сот дагы көз карандысыз эмес. Алар Президенттик Аппараттын нотариалдык органы.

Буга байланыштуу бир нече беренелер боюнча соттук териштирүүлөр Болотко объективдүү жыйынтык берген жок. Мыйзам ага карата иштеген жок.
Ал эми экинчи жагынан алганда, бир эле учурда Кыргызстандын 500 миңге жакын жараны орусиялык жарандыкка ээ. Мындай жагдай далилденген күндө деле бул укук жагыз Болотко гана тыюу салынган», — дейт Эргешбаева.

Ал эми юрист Сания Токтогазиева да бул жагдай тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, соттун өкүмү өтө эле мыйзамсыз чечим болду.

«Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Бул чечим мыйзамсыз, кадимки сот процессинен тышкары! Аны сот залынан күч менен чыгарып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Адвокаттарга да, Болотко да аны каякка алып кетип, каякка депортациялоону айтышкан эмес. Ошол эле учурда ага соттун чечимдерине даттануу укугу берилген эмес! Бишкек шаардык сотунун дубалдары көп мыйзамсыздыктарды көрдү, бирок мындай деңгээлдеги мыйзамсыздыкты биринчи жолу көрүп жатабыз.

Болгон маалыматтарды эске алганда Темиров Россияга экстрадицияланышы мүмкүн. Бул учурда Кыргызстандын бийлиги РФнын аймагында Болотко карата кыйноо коркунучу бар болгондуктан, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт жана Кыйноого каршы конвенциянын алдындагы милдеттенмелерин бузуу менен иш алып барышат. Кыйноого тыюу салуу эл аралык укуктун императивдик нормасы экенин эскертип кетким келет», — деп билдирген Токтогазиева.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 1766