• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ: Азимовдун атасын ФСБ кармаган жок

15 Бештин айы 2017 10:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурду деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимов боюнча маалымат берди.

Министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын билдирүүсүндө Ахрал Азимовдун эки жарандыгы болгон. Бири Кыргызстандыкы, экинчиси Орусияныкы.

“Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, ФСБ аны кармаган эмес. Болгону, орусиялык жарандыгы жокко чыгарылганы жана ал Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керектиги тууралуу билдирүүнү колуна тапшыруу үчүн гана чакыртылган. Кармалган жок. Биздин Москвадагы элчилик ага мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк берди” деп билдирди Кулукеева.

Кечээ Ахрал Азимовду Москвада ФСБ кызматкерлери кармап кетишти деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 5