Акынга Коргоол ырчы уулуң жок деп угузганда, ал муңдуу ырларын ырдаган.
Туура-туура басканда,
Турумтай сыны бар эле,
Туурга эсен жеткирсе,
Дубанга чуркаар тай эле.
Кайра-кайра басканда,
Карчыга сыны бар эле.
Каруу күчкө толгондо
Калк үчүн чуркаар жан эле.
Каркылдап каздар көл сактайт,
Кара ылаачын чөл сактайт,
Карып калган атакең
Кай жака барып жан сактайт?!
Куркулдап куулар көл сактайт,
Куу ылаачын чөл сактайт,
Куурап калган атакең
Куюгуп кайда жан сактайт?!
Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттаган.
Мисалы:
Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?
Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың?
деп акын элди ынтымакка, колдо барды барктоого, токпейилдикке чакырат.
Ошол эле мезгилге элдин зар-муңун, оор турмушун баяндаган "Замана" аттуу ыры да жаралат:
Далайларды кор кылып,
Зарланткансың, замана,
Кедейлерди байларга
Карматкансың, замана
Ажыдаардай залимге
Арбаткансың замана
Желмогуздай байларга
Жалматкансың замана.