Улан Саляновдун бүгүн кыркы өттү. Аны 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр өз үйүнөн атып кетишкен.
«Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүргөндөр табыла элек»,- деп билдирди ИИМден.
Улан Саляновдун өлтүрүлүшү Жогорку Кеңеште да каралып ИИМ орун басары Данияр Абдыкаров милиция кылмышкерлердин изине түшө электигин айткан. Ошол эле маалда Улан Салянов өлтүрүлгөн күндүн эртеси ИИМ саясий негиз жок деген билдирүү тараткан. Депутат Аида Салянова инисинин өлүмүндө саясий негиз болушу мүмкүндүгүн айтып келет.