• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурдагы мэр Улуттук статистика комитетинин төрагасы болду

9 Бештин айы 2021 19:34 Бишкек Govori.TV

Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Кудайбергенов 1962-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын жетинчиси. 1987-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция адистин бүтүргөн. Эмгек жолун 1987-1988-жылдары Ивановка мамлекеттик атайын колхозу, маданият үйүнүн жетекчиси болуу менен баштаган.

Ал 2012-2015-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун администрация башчысы кызматын аркалап, 2015-жылдан 2017-жылга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле 2020-жылы «Кыргызстан» саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанып, талапкерлигин койгон.

2021-жылдын февраль айында Балбак Түлөбаев өз арызы менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткенден кийин ордуна Бактыбек Кудайбергенов дайындалган. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жетекчилерди ротациялоо жарлыгынын негизинде борбор калаанын башчылыгына Таалайбек Сарыбашов келип, Кудайбергенов 2-августта президенттин иш башкаруучусу кызматына которулган эле.

Количество просмотров: 79