• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Унаага салып жаткан учурда колум сынган». Орхан Инанды кантип уурдалганы тууралуу айтып берди

18 Тогуздун айы 2021 19:02 Бишкек Govori.TV

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жактоочусуна Кыргызстандан кандай жол менен уурдалып, Туркияга чыгарылып кеткени тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Таалайгүл Токтакунова түркиялык кесиптешинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Токтакунова бүгүн «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу менен сүйлөшкөн жана кесиптеши Инанды экөөнүн оозеки сүйлөшүүсүн айтып берген. Анын айтымында, 31-майда түндө дайынсыз жоголгон Инанды 1-июнда өлкөдөн чыгарылып кеткен.

“Мени болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында үч адам кармаган жана алардын экөөсү кыргыз, ал эми бирөөсүнүн бетин көрө алган жокмун. Алар мени жеңил унаага күч колдонуп салды, ошол учурда эле колум сынган. Башыма кап кийгизип, дароо ошол жерден алып кетишти. Анда бут кийимим сыртта калган аны кайра кийгизишкен жок. Чөнтөгүмдөн документтеримди алып, ыргытып жиберишти. Менимче Кара-Балта тарапка бардык, ал жерден мага ийне сайышты. Көп убакыт уктадым. Андан соң ачуу жана таттуу суу берип жатышты, ал уктатуучу дары болушу мүмкүн. Көзүмдү ачсам, туннелден өтүп бара жатыптырбыз. Көпкө жол жүрүп, түшкө жакын бир чек арадан өттүк. Андан соң кичинекей эле учакка отуруп кеттик. Баш аягы 3 унаа котордук”, — деп билдирген Инанды өз көрсөтмөсүндө.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Инандынын иши боюнча соттук отурум анын ден соолугуна байланыштуу улам жылдырылып, 26-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 28855