• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Уран Ахметовдун төбөсүнө кара булут айлана баштады

6 Жалган куран 2018 16:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети юстиция министри Уран Ахметов менен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну премьер-министрге сунуш кылды. Комитет төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» билдиргендей, мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Комитет жыйынында «Миграция жаатындагы компетенттүү органдарды түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык келишимин ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна президенттин каршы пикири талкууланган. Депутаттар бул маселеге юстиция министри менен Миграция кызматынын төрагасы жооптуу деп эсептешти.

Президент мыйзам долбоорун ишке ашыруунун мөөнөтүнө байланыштуу каршылык билдиргени маалымдалды.

Келишимге былтыр 20-июнда Москвада кол коюлган. ​Ага ылайык, Орусиянын дагы тогуз аймагында Кыргызстандын, Бишкек жана Ош шаарларында Орусиянын дипломатиялык эки өкүлчүлүгү ачылат.

Ушу тапта Москвада жайгашкан Кыргызстандын расмий элчилигинен тышкары, Орусиянын он бир шаарында консулдуктар бар.

Сот органдарынын ишине байланыштуу бүгүн юстиция министри Уран Ахметовду парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети да сындады.

Количество просмотров: 4