Жалал-Абад шаарынын мейман достугу
Жалал Абад облусу Бабалар мурасы.Укмуштуу Кыргызстан
Таласка болгон сапарыбыздан кийин жаңы толукталган курамыбыз менен Кыргызстандын түштүгүнө сапар алдык. Бул жолу борбордогу таңды "Ала-Тоо" аянтынан тосуп, кызарып чыгып келе жаткан күндүн нуру менен амандашып, Бишкекте жаңы кыймыл башталганда жол чыктык. Баса, биздин курамга оператор Жээнбек Сагыналиев кошулду.
.
Жалал-Абад шаарына Бишкектен барыш үчүн алгач "Төө-Ашуу" анан "Ала-Бел" ашуусун ашып бери жактан "Чычкан" капчыгайынан өтөсүң. Жолдун жээгинен орун алган айылдарды аралап өтүп Жалал-Абадка келесиң. Жалал-Абад шаары табигатынын кооздугу менен өзүнө тартып тургандыктан бул шаарга барбай кетүү мүмкүн эмес.
Борбордон Жалал-Абадка үч жол менен барууга болот. Кочкор шаарынан өтүп Жумгал району аркылуу. Казарман айылы аркылуу Тогуз-Торо районунан өтүп, Нарын дарыясынын жээгин бойлой кар баскан "Сары-Кыр" ашуусун ашып барса болот. Мындан сырткары баардык айдоочулар билген "Төө-Ашуу" аркылуу бара аласың. Бул ашуу Кыргызстандын түштүгүнөн орун алган үч облустка жана Таласка алып барат.


Бишкек-Ош жолунун ортосунда Ала-Бел ашуусунан өтүп деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан Чычкан капчыгайы бар. Капчыгайда чычкан көп болгондуктан "Чычкан" деп аталып калган. Капчыгайдын боорунда Тянь-Шань арчалар, жапжашыл бадалдар, көгүш түскө боелгон тикенект, кара түстөгү бүлдүркөн жана чийе бар. Бир эле учурда бул жерден асман тиреген ак карлуу ала тоосунан кышты, жашыл түскө боелгон арчаларынан жай менен жазды, сары түскө боелгон зоосунан күздү көрө аласың. Жолдун жээгинде таштан-ташка урунуп аккан суунун дабышы музыка ойноп аспап кылдарынын доошу жаңырып тургандай угулат.
"Чычкан" капчыгайы эс алууга жана жаратылыштын койнунда таза абадан дем алууга мүмкүнчүлүк берген ыңгайлуу жер. Капчыгайдан өткөн жолоочулар "Чычкандын" жаңы куурулган балыгынан даам татып кеткенди адатка айландырышкан. Мындан сырткары дүйнө тамшанган экологиялык эң таза Токтогулдун балын да ушул жерден алууга болот.
Капчыгайда Советтер Союзунан бери жолоочуларды колдо түйүлүп жасалган пельмени менен тамактандырып турган ашкана бар. Анда пельмендин бир табагы 150 сом, жарым табагы -80 сом турат. Нан менен чай жана ашканын тейлөөсү ичкен тамагы менен кошо эсептелинет. Бул ашканада кызмат кылып иштеген ашпозчу аялдардын колунан түйүлүп жасалган пельмен, ашканадагы кардарлардын санын жыл сайын көбөйтүп келет.
Капчыгайдагы ашкананын ажатканасы жолдун жээгинде жайгашкан. Ага кирүү үчүн 5 сом төлөйсүң. Бирок, бул ашкананын ажатканасында акча төлөш үчүн атайын кутуча эле коюлган. Анын жанын курандын сүрөөсү илинип турат. Бул тазалыкка, адамгерчилүүлүккө чакырып турат.
Ашкананын ээси Эльмар Абдуллаевге бул ишкердик атасынан калган. Ал ашкананын айланасына көчөттөрдү өзү отургузуп курчап алган. Алар бул жерде 20 жылдан бери жашап күнү-түнү колго түйүлүп жасалган пельмен менен кардарларды тейлеп келишет.

Чычкан капчыгайынан убагында мрамор чыгарган тоолорго күбө болдук. Элдердин айтуусу боюнча бул жерден чыгарылган мраморлор менен Бишкектеги Жогорку Кеңеш, Президент жайгашкан Акүй, борбордук аянттагы имараттар жана Тарых музейи курулган.
Андан ары Токтогул районуна күбө болосуң. Бул жер илгери Кетмен-Төбө деп аталган экен. Айтылуу Токтогул акын атабыздын киндик кан тамган мекени болгондуктан ырчылардын мекени деп аталат. Бул жерде төрөлгөндүн баары эле табигатынан таланттуу, булбул үндүү болуп төрөлүшөт. Биз бул сөздү тастыктап Токтогулдун торгойун тапканга аракет кылдык. Бул туурасында кененирээк кийинки лонгриде айтып беребиз.
Токтогул суу сактагычы Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкананын бири болуп эсептелинет. Ал Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыясынын нугунун кууш жеринде курулган. Суу сактагычка 1974-жылы суу толтурулуп 1975-жылы ишке берилген. Жалпы көлөмү 19500 млн м3. узундугу 65км, эң жазы жери 12км, эң терең жери 215 метрди түзөт. Токтогул суу сактагычы учурда өлкөнүн 40% электр жарыгы менен камсыз кылып турат.
Жалал-Абад шаарына бараткан жолдор жаратылыштын кооздугу менен сүрөттөлүп рамкадагы портреттин элесин чагылдырып турат. Ал эми бул кооздукту өзүнө камтыган Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Сүт эмүүчү жаныбарлары, байырлаган канаттуулардын мекени болгон Сары-Челек жаратылышы менен айрымаланып турат. Бул туурасында кененирээк кийинки лонгриде айтып беребиз.
Жалал-Абаддын Алабука районундагы Сафид-Булан айылында Шах-Фазилдин күмбөзү бар. Шах-Фазил уникалдуу комплекси жергиликтүү тургундарды гана эмес туристтерди да кызыктырып келет. Ал эми Шах-Фазилдин тарыхы 11-12-кылымдарга таандык. Эң кызыгы Сафид-Булан айылынын тарыхы да бул күмбөз менен байланыштуу.

Мындан сырткары Базар-Коргон районунда жайгашкан Арсланбоб шаркыратмасы бар. Бул жерде бийиктиги 35 метрди түзгөн кичи шаркыратма, бийиктиги 80 метрди түзгөн чоң шаркыратма бар. Шаркыратмалар жаңгак токой менен курчалып турат.
Ошентип 10 сааттык жол жүрүп Жалал-Абад шаарына келдик. Жалал-Абад облусунун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү Тогуз-Торо ойдундагы Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Ал эми шаар б.з.ч. II кылымда пайда болгон.

Бул жерде жерден чыккан минералдык суулар бар алар Аюб булак жана Кыз булак деп аталат. Айтылып келген уламыштарда бул жерде илгерки Аюб пайгамбар жашаптыр. Ал өтө оорулуу болуп, денеси бүт бойдон жара болуп кеткен экен. Аюб пайгамбарга периштенин боору ооруп, бир күнү ага мындай дейт: - Сен турган жериңди оң бутуң менен теп. Аюб пайгамбар жерди тепсе, ал жерден ысык суу чыгат. Ошол сууга Аюб пайгамбар жуунуп, денесиндеги жарааттардан айыгат. Андан кийин: - Эми сол бутуң менен теп, - дейт периште. Сол буту менен жерди тепсе, жылуу суу чыгат. Ал суудан Аюб ичип, бут оорусунан айыгып кеткен экен. Ал жер «Аюб булак» деп аталып калган. Ал эми экинчи суусу «Кыз-Булак» аталып бүнкү күнгө чейин бул уламыш эл оозунда айтылып келет. Илгери бул жерде бир бай жашап, анын үч кызы болгон. Мезгил өтөт, байдын кыздары карый баштайт. Бирок бир кызы такыр карыбайт. Мунун себебин байкаса, ал кыз дайыма ысык суусу бар бир булакка жуунуп жүргөнүн билишкен.Ошондон улам бул булак кийинчерээк «Кыз-Булак» деп аталып калган. Азыркы учурда бул жер курорт болуп, булактарга атайын алыстан оорусуна шыпаа издеп келип дарыланып кеткендердин саны көп.

Жалал-Абад шаарынын аталышы "Жалал" деген сөздөн келип чыккан. Такталбаган маалыматка ылайык убагында бул жер Жалал-ат-Дином деген байлардын кербени болгон. "Абад" перс сөзүнөн которулганда "орун" "адамдар жашаган жер" дегенди түшүндүрөт. Ал эми "Джелал" урду, перс жана араб тилдеринде "бийлик, ыйык жер" дегенди түшүндүрөт. Шаардын аталышы "атак-даңк" же "Джелалдын атынан коюлган жер" деп аталат.
Орто кылымда шаардан Улуу Жибек жолу өткөн.Анда жолоочулардын эс алуучу жайы катары белгилүү шаар болгон. Убагында шаардыктар кол өнөрчүлүк менен эмгектенишкен.
1870-жылы алгачкы жолу шаарга орус имигранттары келишкен. Жалал-Абадык Марс Рафиков менен Валенетин Варламов Юрий Гагарин менен космоско учууга даярданышып бирок, учушкан эмес. Быйыл 2018-жылы шаардын 141-жылдыгы белгиленет. Шаарда аэропорт, темир жол, Токтогулдун атынан коюлган эс алуу паркы, бир нече соода түйүндөрү жана курорттор бар.
Турдалы Темирбаев
и.о мэра Джалал-Абада
Шаардын ичинде "Тянь-Шань" деген эң кымбат мейманкана бар экен. Бир кишиге күнүнө 4200 сомдон. Мындан сырткары эртең мененки тамагы бекер. Бул баа шаарга келгендер үчүн кымбат болушу мүмкүн, бирок, мейманканада кардарлардын саны үзүлбөйт.
Акчасы кымбат эмес мейманкана издегендер шаардын ичиндеги Спутник деген райондон "Манап" мейманканасына барса болот. Бул жерде күнүнө 1000 сомдон эртең мененки тамагы жок бирок, ысык суусу бар. Баса мейманканада wi-fi бар.
Шаардын ичинде катар-катар салынган кафе, ресторан жана ашканалар бар. Шаардыктардын жакшы көргөн "Долмо" тамагын 220 сомго, ал эми уйгур лагманын 110 сомго ала аласың.
Бул биздин Жалал-Абад шаарына болгон сапарыбыздын алгачкы лонгриди болду. Алдынкы лонгридерибизге шаарда катылган сырлар, уламыштар, бабалардын мурасын чагылдырып беребиз. Кызыктуу маалыматтар алдыңкы материалдарда.
Made on
Tilda