• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жанар Акаев Болот Темировду сабагандарды тез арада табууну талап кылды

13 Үчтүн айы 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун ур-токмокко кабылышы боюнча «Фейсбук» баракчасы аркылуу видео билдирүү жарыялады.

«Кыргызстанда жалгыз мактанар байлыгыбыз сөз эркиндиги деп келебиз. ИИМ жана бардык күч органдары Болот Темировду сабаган зөөкүрлөрдү тез арада табышын талап кылабыз. Керек болсо аларга буйрук бергендерди да таап, алардын да жазасын беришин баарыбыз талап кылышыбыз керек. Ошондон кийин гана журналисттерге кол салуудан жалтактап кала турган акыбалга жеткиришибиз керек», — деп билдирген депутат.

Журналист Болот Темиров боюнча.

Опубликовано Janar Akaev Суббота, 11 января 2020 г.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду 9-январда белгисиз 2 киши аталган сайттын кеңсесинин жанынан сабап, телефонун алып кетишкен.

Количество просмотров: 72