• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда

14 Теке 2018 11:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.07.2018 Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, тергөө алкагында үч ирет сурак берген.

Жапаров ага негизсиз айыптар коюлган деп эсептейт.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Мени үч жолу чакырышты. Мен алып барган документтеримди көрсөттүм. Аларды аныктаганга аракет кылам»,-деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаттары Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш былтыр 29-майда козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2009-жылы ал кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан «Машина сыноочу станцияга» 200 миллион сом насыя бөлүнгөн. Ал учурда ишкананын акцияларында Чудиновдун кайненесинин жана ошол кездеги экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайынын үлүшү болгон.

Келишим боюнча «Машина сыноочу станция» ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бериши керек болчу. Бирок Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду аталган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узарткан жана анда аталган жетекчилер өз кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган.

Количество просмотров: 14