• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жарым жылаңач кыздын ишин иликтөөдө ок атылды (видео)

26 Чын куран 2018 13:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.04.2018.Govori.TV
Урицкий жана М.Ганди көчөлөрүнүн кесилишине  жарым жылаңач кызды таштап кеткендерди кармоо учурунда ок атылды. Бул туурасында Спутник.кж сайты WhatsApp тиркемесине келген видеого таянып  жазып чыкты.
Видеодон кыйкырып, ышкырган 20 чактыдай киши милиция кызматкерлерин курчап алып, тапанчасын алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Бул учурда милициянын бир  кызматкери эскертүү иретинде  асманга эки жолу ок атып, чогулган топ суюла түшкөндө, автоунаага түшүп кетишкен.

Белгилей кетсек, милицияга 25-апрель күнү борбордогу көчөлөрдүн иринде автоунаадан жарым жылаңач кызды ыргытып кетишкендиги боюнча маалымат түшкөн. Кыз милицияга окуянын кандай болгонун айтып,милиция кызматкерлери  Кулиев — Пушкин көчөлөрүнүн аймагын издешкен.

Количество просмотров: 31