• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку Сот Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткарбай жатабы?

31 Бугу 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV
«Оштогу  мыйзамсыз аракеттин автору  Манас Үсөнов ачык “Мен Акүйдөн коргоочуларды таап, берчүмдү берип койдум” деп мактанып жатканын уккандар бар. Албетте, мунун анык-чынын өзүңүз териштирип, айланаңыздагылардын ишенимдүү жана таза болушун камсыз кыласыз деген ойдомун».  Мындай мазмундагы маалыматтар жазылган кайрылууну Govori.TV  маалымат агенттиги аркылуу КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго Оштун Карасуу районун тургуну Анарбай Эргешов жолдогон.
Анын даттануусуна караганда, ушу тапта Жогорку сот анын Оштогу Карасуу базарына мыйзамдуу ээлик кылуу боюнча арызын алты жолу артка кайтарып, чечим чыгарууну кечиктирип келет.
Биз акыйкаттык издеген жарандын кайрылуусун толугу менен окурмандарга сунуш кылабыз:
Кыргыз Республикасынын
Президенти
С.Ш. Жээнбековго
“Говори. ТВ”  маалымат
агенттиги аркылуу
Ош шаарынын тургуну
А. Эргешовдон
Кайрылуу!
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Менин Сизге кайрылуумдун себеби, Сиз  саясый эрк  менен КОРРУПЦИЯ, анын ичинде СОТТОРДУН АКЫЙКАТСЫЗДЫГЫ боюнча чоң күрөш баштадыңыз. Баштаган кадамдарыңыздан улам коомчулукта  ишеним жана  илгери үмүт пайда болду. 25 жылдан бери  сотторго жогору жактан үстөмдүк кылган аракет  качан токтойт деген суроону ар бир кыргызстандык  ушул күнгө чейин берип келди. Чындап келгенде  4 президент алмашты  бирок,  биздин азап,биздин көйгөй алмашкан жок.
Ар бир бийликтин мыйзамсыз  аракети,  ак эмгек менен тапкан ишкерлердин мүлкүн тартып алуу боюнча заказды аткарган  соттордун акыйкатсыз  чечимдери эмнеге токтогон жок? Себеби бийликтин айланасындагы мыйзамсыз кызыкчылыкты көздөгөндөр  ар бир президентти түз жолунан  адаштырып келди.
Эми өзүмө келсем, 13 жыл мурун мүлкүмдү  ошол кездеги бийликтин таасирдүү  фигурасы  ЖАНЫШ БАКИЕВдин жакындарына Жогорку Соттун колу менен бир күндүн ичинде тарттырып жиберген элем. Бийликтин күчү   менен Жоргорку сот  бир күндө  чечим чыгарып салган.  13 жыл  жасалма документтер менен мага тиешелүү  базарга мыйзамдарды уруп ойнобогондор ээлик кылып келишет. Мунун бары ачыкка чыкты  фактылар менен толук далилденген. Бирок акыйкаттуулук орногон жери жок.Соттордун чечими дале болсо бучкакталып, стрелка жогорку жакка шилтенип жатат.
Тилекке каршы, бүгүн, Сиз “сот реформасын ишке ашырууга эрк дагы, каржы дагы жетет” деп мыйзамсыз чечим чыгарган соттор чекесинен кызматтан алынып, “Соттордун кудайы” делген адамдар Президенттин аппаратынан тазаланып жаткан чакта да Жогорку Соттун айрым судьялары мурдагыдай эле эски жоруктардан арылбай келет.
Мисалы, 2018-жылдын башында менин арызымды караган Жогорку сот даттануумду жарым-жартылай канааттандырган менен акыркы чечимди кечиктирип 6 (алты) жолу ишти кароону артка жылдырып отурат… Себеби таасирдүү фигуралардын телефон чалуулары деген баягы түшүнүк.
Оштогу  мыйзамсыз аракеттин автору  Манас Үсөнов ачык “Мен Акүйдөн коргоочуларды таап, берчүмдү берип койдум” деп мактанып жатканын уккандар бар. Албетте, мунун анык-чынын өзүңүз териштирип, айланаңыздагылардын ишенимдүү жана таза болушун камсыз кыласыз деген ойдомун. 
Эми иштин ток эттэр жерине келсем…
 Урматтуу өлкө башчысы!
2000-жылдын, 16-октябрында мен жетектеген “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин башкармалыгы менен келишим түзүп, Ош облустук керек-жарак коомунун 2000-жылдын 9-октябрындагы №185-Токтомунун негизинде    “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлкүн сатып алганбыз.
Бирок, арадан беш жыл өтүп, 2005-жылдын 5-августунда Жолборс  Осмонов аттуу мурдагы керек-жарак коомунда үлүшү бар адам сотко кайрылып, биздин 2000-жылдын 16-октябрдагы соода-сатык келишимбизди жокко чыгарууну, себеби, анын базарда 1, 84 гектар унаа токтоочу жайы болгон үлүш жери биз сатып алган мүлктүн ичинде экендиги тууралуу жасалма документтерди жүйө келтирет.  Бул  байланыштуу  соттун баардык инстанцияларында териштирүү жүрүп, акырында, 2007-жылдын 2-мартында Жогорку сот биздин пайдабызга чечип, “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлкү “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсына өткөрүлүп берилген. Ошону менен биз Жолборс Осмоновдун доосунан кутулабыз.
Бирок, 2008-жылы биздин үстүбүздөн Манас Үсөнов деген адам Жогорку сотко  кайрылып, ал кайдан жайдан эле Ж. Осмоновдун ордуна “Карасуу базары” ЖЧКсынын мүлкүн талашып, ал “Карасуу базары” ЖЧКсынын мүлкү 1999-жылдын 11-майындагы Ош облустук керек-жарак базарды Ош керек-жарак коомдору жана кооперативдери биримдигин “Кыргыз Соода биримдиги” ЖЧКсына мыйзамсыз сатылганы, базардын мыйзамдуу ээси өзү экендигин айтып, жасалма, таптакыр ойдон чыгарылган,  чындыкка коошпогон документтерди көргөзөт. Көрсө Манас Үсөнов ошол 2008-жылдары айтканы аткарылып турган , өлкөдөгү эң таасирлүү адам болуп саналган Президент Курманбек Бакиевдин үкөсү Жаныш Бакиевдин жакын адамы экен. Ал бийликтин күчүнө таянып, бизден базардын талашып, дароо эле Жогорку Сотко арызданып, Жогорку Соттун соттук коллегиясы БИР КҮНДҮН ИЧИНДЕ, 2008-жылдын 27-февралында арызды өндүрүшкө алып. ошол эле күнү судьялар Р. ЭСенгулова, А. Гафуров, Б. Жаманкуловдор ишти карап, “Карасуу базары” ЖЧКсынын баардык мүлктөрү “Карасуу эл базары ЖЧКсына”, тагыраагы, Манас Үсөновго өткөрүлүп берилсин”деп Токтом кабыл алып беришет.
Жогорку соттун мындай акыйкатсыз чечиминен кийин бизде эч арга калбады. Ак эмгегибиз менен тапкан каражатка сатып алган базарды бийлик көз көрүнөө эле бейтааныш адамдарга  тартып берип койду. Биз “алы жетпеген акыретчил” болуп, өз менчигибизди кандай жол менен ким аркылуу кайтарып алаарыбызды билбей көп жылы жабырланып жүрдүк.
Бирок, акыры акыйкаттыктын изи табылып,  “Карасуу” базары боюнча иликтөө иштерибиз жыйынтык берип, жаңы жагдайларды таап, кайрадан 2018-жылдын 29-январында Жогорку сотко кайрылдым. Арызымда мен Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин 2000-жылдын 21-сентябрында кабыл алган №183 сандуу Ж. Осмоновго жерди сатуу токтому Ош облустук керек-жарактар коомдор жана кооперативдер биримдигинин башкаруусунда каралбагандыгын, Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдиги Кыргыз Республикасынын “Кооперативдер”  жөнүндөгү мыйзамынын  талаптарын эске албай,  Ж. Осмоновго жерди сатуу жөнүндө 2000-жылдын 21-сентябрындакабыл алган №183 сандуу жана ошол эле күн менен аталган жерди Ж. ОСмоновго акысыз түрдө берилсин деген токтомдорду кабыл алышкандыгын, бул жагдай боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча финансы полициясына кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылганымды, финансы полициясынын тергөөчүсү 2017-жылдын 30-декабрындагы токтому менен Ош облустук керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин  Ж. Осмоновго карата жерди сатуда кылмыштын курамы бардыгын аныктагандыгын, бирок, кылмыш ишин козгоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун чыгарганын көрсөтүп, КРнын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 27-февралындагы токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароону сурандым.
Ошону менен Жогорку сот  2018-жылдын 10-апрелинде ишти карап чыгып, менин өтүнүчүмдү канааттандырган чечим чыгарды. Анда алар Ж. Осмоновдун базарды талашууда эч кандай мыйзамдуу укуктары болбогондугун, ошондуктан анын арыз-даттануулары негизсиз болуп келгендигин көрсөтүп, 2007-жылдын 2-мартында кабыл алынган Жогорку Соттун токтомун жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арыз же талап менен кайрылууга КРнын Жарандык процессуалдык кодексинин 363-беренесине ылайык ишке катышкан жактардын же прокурордун гана укугу болгондугун белгилейт. Демек, Манас Үсөновдун базарга мурда-кийин эч кандай тиешеси жок туруп, дароо эле Жогорку Сотко кайрылганы, ишти  өзүнө чечтирип алуусу мыйзамсыз болгондугун,  ишти кайра кароого жүйө берип турганын Жогорку Сот белгиледи. Акырында эң акыркы соттук инстанция-Жогорку Сот №5-144/18 ГД номурлуу чечимин чыгарды. Анда ак кагазга кара сыя менен-
 “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү А. Эргешовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2008-жылдын 27-февралында токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 27-февралындагы токтому жокко чыгарылсын.
Иш кассациялык тартипте кароого 2018-жылдын 18-апрелине саат 14-00гө дайындалсын”деп аныктама чыгарылып, буга сотко төрагалык кылуучу. Б.Б. Батыралиев, судьялар  Ж.М Исаков, П.Ж, Жумагуловдордун колу коюлган.
Ошону менен жогорку чечимге ылайык, дээрлик 13 жылдан кийин мен-“Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсын өзүнүн мүлкүнө мыйзамдуу түрдө ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн алып отурам. Эми мыйзамдарга ылайык бул укук Жогорку Сотто кассациялык тартипте каралып, Сот акыркы чечимди чыгарышы керек болчу. Андан соң гана биз сот аткаруучулар менен бирге мыйзамдардагы мөөнөттүн ичинде өз мүлкүбүзгөө толук ээ болмокпуз.
Бирок, мына ошол сот белгилеген 18-апрелден бери бул ишти Жогорку Сот 6(алты) жолу ишти кароону кийинкиге жылдырды. Алты жолу тең сот акыйкаттуулугунан үмүт кылып, Оштон Бишкекке келип, соттордун калыс чечимин укпай куру кол кайра жолума түштүм.
Ал арада менин даттануум менен КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы атайын комиссия түзүп, “Кара-Суу базарынын мүлкү боюнча текшерүү жүргүзүдү. Жыйынтыгында, базардын мүлктөрүн мыйзамсыз сатуу боюнча 43(кырк үч)! фактыны таап, укук коргоо органдарына материалдарды өткөрө турганын расмий жарыя кылды.  
Урматтуу Президент!
Ошондон улам, Жогорку Соттогу бул акыйкатсыз мамилеге мыйзамдарга ылайык, өзүңүздүн укук-милдеттердин чегинде көзөмөл жүргүзүүнү сураймын.
Жарандар Жогорку Соттон бул турмуштун акыркы чындыгын, акыйкаттыгын жана мыйзамдардын так сакталышынын жеткен чегин үмүт кылып кайрылышат. Күйгөнүнөн, укуктары тебеленип, ак мээнет, маңдай тери менен тапкан дүйнө-мүлкүн арам колдордун тартып алуусунан Соттор коргоп калат деген ишенич менен кайрылат.
Сизге алдын-ала ыраазычылыгымды билдирип,
терең урматтоо менен
 
  “Кыргыз соода биримдиги”
ЖЧКсынын ээси Анарбай Эргешов. 
Количество просмотров: 44