• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол кырсыгынын кесепетинен дайынсыз жоголгон 2чи адамдын сөөгү табылды

26 Кулжа 2018 14:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26. 06. 2018. Govori.TV
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен дайынсыз жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз борбору фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.
Маалыматта «26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктү тилкеси) Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Дайынсыз болуп жаткан бир адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди» -деп жазылат. 
Куткаруу үчүн  ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылган.
Количество просмотров: 4