Журналист Болот Темиров сабалган жерде жазуулар пайда болду. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировгъ түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан ур-токмокко алынган эле. Көп узабай, дубалга сөз эркиндигине байланыштуу жазуулар пайда болгон.
Эске салсак, Болот Темиров үстүбүздөгү жылдын 9-январында ур-токмокко кабылган. Ал өзүнүн сабалганын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып келет.