• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Журналист Болот Темировдун паспорттору жараксыз деп табылды

17 Бугу 2022 19:01 Бишкек Govori.TV

Журналист Болот Темировдун кыргыз паспорттору жараксыз деп табылды. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.

Анын айтымында, мындай чечимди тергөөчү чыгарган.

«Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү Кыргызстандын бардык паспорттору жараксыз деген чечим чыгарган. Мен нотариуска барып, анын күчүнө киргенине ынандым. Азырынча сот боло элек, бирок тергөөчү ага чекит койду. Адвокаттар мындай чечимге нааразычылык билдиришкен, бирок шаардык прокуратура тергөөчүнү аракетин мыйзамдуу деп тааныган», — дейт ал.

Буга чейин журналистке төрт кылмыш иши козголгону маалымдалган. Муну Болот Темиров журналисттик ишмердүүлүгу менен байланыштырып, басым катары баалап келет.

Количество просмотров: 476