• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Журналист Болот Темировго кол салгандардын иши сотко өтөт

17 Бирдин айы 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго карата кол салууну милиция тергеп бүттү. Иш сотко өткөрүп берүү алдында турат. Бул тууралуу Болот Темиров “Азаттыкка”  билдирген.

Маалыматка ылайык, шектүүлөргө «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлган.

Эске салсак, Болот Темиров үстүбүздөгү жылдын 9-январында ур-токмокко кабылган. Аны сабаган деген шек менен 14-январда борбор калаада 4 киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал өзүнүн сабалганын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып келет.

Количество просмотров: 90