• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Журналист Темиров Манас аэропортуна алынып келинди

23 Жетинин айы 2022 20:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып кетишкен.

Журналисттин командасы Темировду соттон алып кетишкен унааны Манас аэропортунан байкалганын жазышты. Ал эми Клооп басылмасы видео менен бөлүшүп, Темировду Манас аэропортунда 6 адамдын коштоосунда алып кетип жатышканын жазды.

Flightradar кызматынын маалыматына ылайык, 23-ноябрь күнү кечинде Кыргыз Республикасынан Россияга төмөнкү каттамдар бар:

  • 17-40, Бишкек – Москва
  • 18-20, Бишкек — ​​Санкт-Петербург
  • 22-55, Бишкек — Москва.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 1088