• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист Темиров Жапаровду жана Ташиевди сотко берерин айтты

23 Жетинин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темиров «жалган жалаа жапты» деген негизде президент Садыр Жапаровду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сотко берерин айтты. Ал мындай видеокайрылуусун 22-ноябрда Ютубдагы Temirov Live KG каналына жарыялап, жалааны жокко чыгарууну талап кыларын билдирди.

Сөз анын аскердик билети жасалма экени жөнүндө Жапаров жана Ташиев буга чейин айткан сөздөрү тууралуу болууда. Темиров документ жасабаганын айтып келет.

Журналист бул маселе боюнча доо арызы сотко кабыл алынбаганын белгиледи. Кабыл алынмайынча арыз жолдоону улантарын кошумчалады. Бирок ал доо арыз качан, кайсыл сотко берилгенин ачык айткан жок.

2022-жылдын январында Болот Темировдун кеңсеси тинтүүгө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Количество просмотров: 695