• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Журналист Темировдун иши боюнча сот 25-майга белгиленди

18 Бугу 2022 14:53 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иши боюнча кийинки соттук угуу 25-майга белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кийин Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгон. Темировдун жалпы 4 иши бир өндүрүшкө бириктирилген.

Темиров муну иликтөөлөрүнө байланыштырып, ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Количество просмотров: 68