Жогорку Кеңеш депутаты Курманкул Зулушев бүгүн, 28-мартта өкмөттүн ишин сынга алды. Зулушев өкмөт саясий, экономикалык, финансылык жактан банкрот болгонун айтты.
«Өкмөт саясий, экономикалык, финансылык жактан банкрот. Бир вице-премьерибиз суракта жүрөт, экинчи вице-премьерибиз башка мамлекеттин нотасы менен анын кылык жоругуна баа берилип жатат. Өзү менен келген вице-премьердин бири да азыр жок. Экономика министри, юстиция министринин чабалдыгы айтылып, керек болсо комитет тарабынан жумуштан алуу сунушу берилген. Буга да жыйынтык жок. Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгы боюнча эч бир иш жүргүзүлбөптүр. Бул анын саясатын колдобообу же кандай, билбейм кыскасы»,-деди Зулушев.
Депутат Курманкул Зулушев андан тышкары өкмөттүн «Лигласс», «Хуавей» боюнча жокко чыккан келишимдерин бирден санап, көпчүлүк коалицияны ишке жарамдуу өкмөт алып келүүгө чакырды.