• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

№216 жана №100 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү

25 Кулжа 2024 9:43 Бишкек Govori.TV

№216 жана №100 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мындай чара шаардын коомдук транспорт тармагынын ишин жакшыртуу жана калаа тургундарынын көп сандаган кайрылууларынын негизинде ишке ашууда.

Ага ылайык, № 216 автобус каттамынын кыймыл чиймеси Учкун кичи району, Учкун-9, 117/1 дарегине чейин узартылды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кичи районду №220 кичи автобус каттамы тейлеп келген.

Мындан тышкары, жол оңдоо жумуштарына байланыштуу №100 автобус каттамынын кыймыл чиймеси И. Ахунбаев көчөсүнөн тартып Ж.Пудовкин көчөсү менен А. Масалиев, Ч. Айтматов көчөлөрү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнө чейин узартылды.

Количество просмотров: 107