• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

«Адамдын өмүрү менен ойнобош керек». Кемпир-Абадчылар абактагы Дүйшөбаевдин абалына кабатыр болуп, кайрылуу жасашты

15 Бугу 2024 12:59 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчы, активисттер абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугуна кабатыр болуп жатышкандыктарын айтып, бүгүн, 15-майда кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, Дүйшөбаевдин ден соолугунун начардыгына байланыштуу аны үй камагына чыгаруу керек.

«Бул жакшы эмес. Азыр адилеттик тууралуу сөз кылып деле болбой калды. Бирок гумандуулук деген болуш керек да. Ооруп аткан адамды сотко кийимге салып алып көтөрүп келген мыйзамдуулук жагын айтпаганда да адамгерчилик жактан туура эмес», — деди Клара Сооронкулова.

Белгилей кетсек, кечээ 14-майда аны сот залына көтөрүп келишкен. Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени буга чейин да маалымдалган болчу.

Жакындарынын айтымында, анын кан басымы жогорулап, канындагы канттын көрсөткүчү көтөрүлүп жатат.

Буга чейин Дүйшөбаевди соттук жараянга күч менен алып келишкени үчүн прокуратурага арыз берилгенин анын жактоочусу Акын Авазбеков билдирген болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Количество просмотров: 160