29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Самара Турузбекова Нарын облусунан келген.
«Кыйын долбоорунан айымдардын лидерлик сапатын ойгото турганын өзүмө алдым. Айымдар жетекчи болуп турсак деле кандайдыр бир рамканын ичинде турабыз да. Бул тренинг аркылуу өзүбүздүн оюубузду, үнүбүздү жеткире ала турганымды билдим», — деди ал.