• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Баткенде 2 жаштагы кызды сабаган деп өгөй атасы кармалды

12 Кулжа 2024 9:46 Бишкек Govori.TV

Баткенде 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалды. Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Количество просмотров: 142