• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Баткенде килем цехи ишке берилет

20 Кулжа 2024 17:52 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилүү алдында турат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Килем токуу ишканасын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, айылдагы союз маалында кондитердик цех болгон имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен, 2 млн 800 миң сом ажыратылган.

Имаратка айыл элинин сунушу менен, килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон.

Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат. Цехке сырье да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат.

Муниципалдык ишкана жакынкы күндөрү салтанаттуу ачылышытан кийин расмий түрдө ишке берилүүсү күтүлүүдө. Жыйынтыгында 28 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Количество просмотров: 97