• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

3 Теке 2024 17:55 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Самаркандек айылындагы мыйзамсыз жеке менчикке алынган гараждык кооператив мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында А.Б. аттуу жаран 2005-жылы ЖЧКнын жетекчиси болуп турганда Самаркандек айыл өкмөтүнүн токтомун жасалмалап, Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 3 чарчы метр гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен маалымат журналында катталган материалдардын алкагында аталган ишкананын жетекчиси укук белгилөөчү документтерди бурмалоо фактысын мойнуна алып, имараттары бар, сметалык баасы 32 млн сомдон ашык болгон жер тилкесин өз ыктыяры менен Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

Белгиленгендей, УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Теги:
Количество просмотров: 108