• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө

26 Кулжа 2024 9:19 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамааты Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлой Ажыбек баатыр көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки бөлүгүндө, Абдымомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштерин баштады.

Андан ары Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы жол белгилерин жаңылоону баштоо пландалууда.

Баялинов көчөсүн бойлой Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин катуу, үзүлгөн, чекиттүү сызыктарды жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктү тартуу иштери аяктады.

Ушундай эле жумуштар Эркиндик бульвары боюнча Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.

Капиталдык оңдоодон кийин Ахунбаев көчөсүндө Малдыбаев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки жол сызыктары жаңыртылды.

Количество просмотров: 67