• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Казакстанда саясат талдоочу Димаш Алжановго кол салуу аракети болду

3 Теке 2024 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстанда саясат талдоочу Димаш Алжанов кол салуу аракетине кабылганын билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Алжановдун айтымында, ага белгисиз бирөөлөр Алматы шаарындагы үйүнүн кире беришинде кол салууга аракет кылышкан.

Окуя шейшембиге караган түнү болгон. Эки киши машине менен келип короосуна токтоп, «Димаш, бул сенсиңби?» деп сурап, ага каршы күч колдонууга аракет кылышкан.

Алжанов полицияга арыз жазганын билдирди. Видео көзөмөл камерасына тартылган тасмадан эки киши ал жашаган короого келип, андан соң качып кетишкенин көрүүгө болот.

Димаш Алжанов – Казакстандын ички жана тышкы саясаты, Астана менен Москванын алакасы, өлкөдөгү саясий абал, активисттердин куугунтукка алынышы, коомчулукта кызуу талкуу жараткан сот иштери тууралуу өз оюн ачык айтып жүргөн саясат талдоочу.

Количество просмотров: 57