• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Казакстанда өз балдарын өлтүрүүгө айыпталган келин 15 жылга соттолду

21 Кулжа 2024 9:50 Бишкек Govori.TV

Казакстандын түштүгүндөгү Түркстан шаарында өзүнүн кичинекей балдарын өлтүрүүгө айыпталган 31 жаштагы келин 15 жылга соттолду.

Мындай өкүмдү 20-июнь күнү кечинде кылмыш иштери боюнча Түркстан облусунун райондор аралык соту чыгарды.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган келинге 15 жылдык жазадан тышкары өмүр бою педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынды.

Соттолгон келиндин атасы өкүм менен макул эмес экенин, ал боюнча апелляциялык арыз жаза турганын билдирди.

Бул иш боюнча сот 14-майда башталган.

Сотто айыпталуучунун тубаса психиялык оорусу бар экени, балдарын өлтүргөн учурда аффект абалында болгону айтылды.

Кызылордо облусундагы Шиели районунун соттолгон жашоочусу орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Буга чейин соттолгон эмес.

Иштин материалдарына ылайык, келин быйыл февралда Түркстан шаарында ижарага алган батирде беш жаштагы уулу менен төрт жаштагы кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн. Ал эртеси Чымкенттеги мейманканалардын биринде кармалган.

Айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алганы кабарланууда.

Количество просмотров: 91