• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

ӨКМ Нургожоеванын жигити тик учакка канча акча төлөгөнүн айтты

26 Кулжа 2024 16:16 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармакта президенттин карындашынын сүйлөшкөн жигити анын колун суроо үчүн алган тик учак ижарага алынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-июнунда 1 саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 662 сом төлөгөн.

«Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот. Белгилей кетсек, тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н — 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат. Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.

Теги:
Количество просмотров: 842