• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Кыргызстанга Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы келди

3 Теке 2024 10:00 Бишкек Govori.TV

2-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен учуп келди.

Анын сапарынын алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө

Количество просмотров: 47