Эскалаторго буту кыпчылып калган наристе куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билиришти.
Маалыматта айтылгандай, 23-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Караван» соода борборунда 2021-жылы туулган Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.