• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү канча?

3 Теке 2024 9:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 112 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1082 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 451 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 247