• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Өзбекстанда 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

2 Теке 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Ташкентте 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу “НеМолчиУз” долбоору билдирди.

Маалым болгондой, ал киши биринчи аялы менен ажырашпай, экинчиси менен жашап жүргөн. Кийинкисинен анын беш баласы бар. Жарандык никедеги аялынын кызы зордуктоонун курмандыгы болгон.

Укук коргоо органдары «Он төрт жашка чыга элек адамга зомбулук көрсөтүү менен табигый эмес формада сексуалдык муктаждыгын канааттандыруу» беренеси боюнча кылмыш иши козгошту. Эгер шектүү бул кылмышка күнөөлүү деп табылса, ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 82