• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

1-майдан тартып электр энергиясынын баасы кымбаттады

2 Бугу 202614:48 Бишкек Govori.TV


Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады. Катардагы карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт.

Социалдык жана коомдук мекемелер үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 96 тыйын, өндүрүштүк керектөөчүлөргө 3 сом 65 тыйын, коммерциялык керектөөчүлөргө 4 сом 33 тыйын, бюджеттик керектөөчүлөргө 4 сом 62 тыйын жана автоунаа кубаттоочу жабдуулар үчүн тариф 5 сом 99 тыйын болду.

Өлкөдө инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 2030-жылга чейин 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат. Ага ылайык, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көтөрүлөт.

Количество просмотров: 313