• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр күчүндө

14 Теке 202614:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр дале күчүндө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майдан 1-октябрга чейин саат 9:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда унаа жолдордо жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бул чектөөлөр жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында киргизилген.

Мындан улам айдоочулар жана транспорттук компаниялар каттамдарды пландаштырууда талаптарды эске алуусу шарт.

Количество просмотров: 5