• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

10-августтун аба ырайы

9 Баш оона 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Эртең, 10-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

Количество просмотров: 505