Эртең, 11-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус болот.