Эртең, 11-сентябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 16…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.