• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

12-апрелде күтүлгөн аба ырайы

11 Чын куран 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21 болот.

Количество просмотров: 375