• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

12-августта күтүлгөн аба ырайы

11 Баш оона 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал -Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Количество просмотров: 310