Эртең, 13-августта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33 градус болот.