Эртең, 13-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.