16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19
Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18° жылуу болот.