12-июлда социалдык тармактарда Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын көл жээгине чет өлкөлүк жаран автоунаасы менен кирип, сууга түшүп жаткандыгы тартылган видео жарыяланган.
Милициядан билдиришкендей, аталган факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн МЭЖне катталып, видеодо көрсөтүлгөн жаранды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган чет өлкөлүк жаран аныкталган.
«Аталган жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле анын Hyundai үлгүсүндөгү автоунаасы мыйзам талаптарына ылайык Чолпон-Ата шаарындагы айып короосуна токтотулду.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды жана эс алуучуларды экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын талаптарын так сактоого, көл жээгине автоунаа менен кирбөөгө чакырат. Жаратылышты коргоо – ар бир жарандын жана өлкөбүздүн конокторунун жалпы милдети», — деп жазылат милициянын маалыматында.