• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

16-августта күтүлгөн аба ырайы

15 Баш оона 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы 16-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28,

Нарын жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,

Бийик тоолуу райондордо -1…+4, күндүз 12…17°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 32…34°.

Количество просмотров: 250