• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

16-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

15 ноября 2022 в 14:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3 +2, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1… +6, күндүз +3….+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,

Бишкек шаарында 16-ноябрга караган түнү жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…+2 жылуу.

Количество просмотров: 107

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда